Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти, Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда Ош шаарындагы 2024 аскер бөлүгү жайгашкан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган чек ара комплекси салтанаттуу түрдө ачылды.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, генерал-майор Данияр Сатимов жана аскер кызматчылары катышышты.
Реконструкциялоонун алкагында аскер шаарчасынын инфраструктурасы толугу менен жаңыланды. Атап айтканда, штаб, казарма, ашкана, медициналык пункт, спорттук комплекстер, турак жайлар жана башка чарбалык объектилер заманбап талаптарга ылайык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Ошондой эле аймак көрктөндүрүлүп, чек ара кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө онлайн форматта Чүй облусундагы “Ойронду” жана Баткен облусундагы “Өрүк-Зар” чек ара заставалары дагы пайдаланууга берилди.
Республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылган бул долбоорлор мамлекеттик чек аранын коопсуздугун чыңдоого, чек ара кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттарын жакшыртууга жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн татыктуу жашоо шарттарын камсыз кылууга багытталган.
