ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош — жашыл келечекке карай: экологиялык демилгелер жол картасына түшөт

Бүгүн 12-сентябрда, Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоевдин төрагалыгы алдында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) “Жашыл шаар” программасынын алкагында жумушчу топтун отуруму өттү.
Жыйында Ош шаарынын экологиялык абалына жүргүзүлгөн баштапкы баалоонун жыйынтыктары каралып, негизги экологиялык көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн артыкчылыктуу багыттары талкууланды. Ошондой эле шаардын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн натыйжалуу жана узак мөөнөттүү чараларды ишке ашыруунун маанилүүлүгү тууралуу кеп болду.
Талкуунун негизги багыттары:
• Абанын сапатын жакшыртуу жана шаардагы жашыл аймактарды кеңейтүү;
• Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу жана турак жай секторун модернизациялоо;
• Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоо системаларын жаңылоо;
• Коомдук транспортту өнүктүрүү жана катуу тиричилик калдыктарын натыйжалуу башкаруу;
• Климаттык тобокелдиктерди азайтуу жана суу ташкындарынын алдын алуу чараларын күчөтүү.
Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев “Жашыл шаар” иш-аракеттер планы жөн гана документ бойдон калбастан, шаарды өнүктүрүүнүн реалдуу багыттарын аныктаган, конкреттүү иш-чараларга, каржылоо булактарына жана инвестициялык долбоорлорго негизделген практикалык жол картасы болушу керектигин баса белгиледи.
Учурда ЕРӨБ өкүлдөрү жана эксперттер менен биргеликте бул багытта иш алып баруу улантылууда. Алдыдагы күндөрү энергетика, имараттар, суу ресурстары жана транспорт тармактары боюнча өзүнчө тематикалык талкуулар өткөрүлүп, тиешелүү сунуштар иштелип чыгат.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Талапкерди онлайн колдоону каалайсызбы?

daa84d41-1976-4159-9ee1-13aff08ed019

Ош шаарында жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

845622225_1450119400640286_228673856332150957_n

Ош шаарында волейбол боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды

6fb207f6-9d57-4c1f-b994-9cd8b3101c8b

Chevrolet Estocada борбору расмий ачылды

323d6770-8503-488f-a092-708e2b2d5a13

Супаналиев көчөсү жаңыланды

1850f74d-67eb-47db-9a92-b435488d80de

Т. Асанов көчөсү капиталдык оңдоодон өттү

Видео