Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана коноктору!
Бүгүн, 14-октябрда, саат 10:00дөн тарта Ош шаарындагы Алымбек датка көчөсүнүн (борбордук аянт) А. Навои көчөсүнө чейинки бөлүгүндө асфальт төшөө иштери башталат.
Оңдоо иштерине байланыштуу жол тилкеси этап-этабы менен убактылуу жабылып, алгачкы этапта М. Нургазиев көчөсүнөн тарта М. Аматов менен кесилишке чейин унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет.
Ушуга байланыштуу айдоочулардан жол кыймылынын убактылуу өзгөрүүлөрүн эске алып, мүмкүнчүлүккө жараша альтернативдүү каттамдарды пайдаланууну жана жол белгилеринин талаптарын сактоону өтүнөбүз.
Убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн түшүнүү менен кабыл алганыңыздарга алдын ала ыраазычылык билдиребиз.
