Бүгүн 13-октябрда, шаар башчысы Жанарбек Акаевдин тапшырмасына ылайык, Ж. Бөкөнбаев атындагы мектептин айланасындагы өз билемдик менен курулуп калган чарбалык курулуштарды алып салуу иштери жүргүзүлүп жатат.
Анын ичинде гараждар жана башка конструкциядагы курулуштар буздурулуп, аймакты иретке келтирүү иштери аткарылууда.
