Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү мекемелердин жетекчилери менен биргеликте шаардагы негизги көчөлөрдүн бири болгон Алымбек датка көчөсүн кыдырып, учурдагы абалы жана асфальт төшөө иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Бүгүн көчөнүн узундугу 2,5 чакырымды түзгөн тилкесинде асфальт төшөө иштери башталды. Оңдоо иштерин 10 күндүн ичинде толук бүтүрүү милдети коюлду. Жумуштар шаар тургундарына келтирилүүчү ыңгайсыздыктарды азайтуу жана жол тыгындарынын алдын алуу максатында күнү-түнү жүргүзүлөт.
Алымбек датка көчөсүндө унаа кыймылынын жыштыгын белгилеген шаар башчысы асфальт төшөө иштеринин сапатына жана белгиленген мөөнөттүн так сакталышына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
