Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Кең-Сай массивине барып, аймактагы инфраструктуралык иштердин жүрүшү жана алдыдагы пландар менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө шаар башчысы Мээркан айылынан Кең-Сай массивине алып баруучу жолдун курулушун көрүп чыгып, аткарылып жаткан иштердин абалына көңүл бурду.
Ошондой эле массивдин инфраструктурасын өнүктүрүү, калкты таза суу менен камсыздоо жана электр энергиясын жеткирүү маселелери каралды. Анын алкагында таза суу түтүктөрүн тартуу, электр мамыларын орнотуу жана тиешелүү инженердик тармактарды куруу боюнча пландар талкууланды.
Башкы планда жолдорду куруу, таза суу менен камсыздоо, электр энергиясын жеткирүү жана башка зарыл инфраструктуралык объектилерди өнүктүрүү каралат.
Мындан аркы иштер ушул башкы планга ылайык этап-этабы менен жүргүзүлөт.
