ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош: Шахмат боюнча Азия чемпионаты башталды

Бүгүн 16-октябрда, Ош шаарында шахмат боюнча ардагерлер арасындагы Азия чемпионатынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана Кыргыз шахмат союзунун президенти Аида Салянова катышты.
Кыргызстандын шахмат тарыхында алгачкы жолу өтүп жаткан бул эл аралык чемпионат 25-октябрга чейин уланат. Мелдешке Азиянын 11 өлкөсүнөн 74 шахматчы катышууда. Алар 50 жаштан жогорку жана 65 жаштан жогорку эркектер жана аялдар арасында күч сынашат.
Бул чемпионат Кыргызстандын спорт тарыхындагы маанилүү окуялардын бири болуп, Ош шаарынын эл аралык спорттук мелдештерди өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жана шаардын эл аралык аброюн жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Чемпионат мэриянын колдоосу менен Кыргыз шахмат союзу жана Ош шаарынын жана Ош облусунун шахмат федерациясы тарабынан Азия шахмат федерациясынын жана ФИДЕнин алкагында уюштурулууда.

Окшош жаңылыктар

131be442-bd36-4191-83dd-caaab036ffa0

Ошто ири транспорттук түйүндүн курулушу башталды

vybory

ШАЙЛОО-2027: Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо тартиби

Natural gas blue flames at kitchen

Кулактандыруу!

aea2af07-44f1-4b6d-bab9-a4552353f453

Кең-Сай массивин өнүктүрүүнүн башкы планы иштелип чыгууда

31c7c3a7-d19c-4f8a-a659-ba4e5914a9c4

Чубак Жалилов көчөсү иретке келтирилүүдө

b8526ba1-77f3-418e-a3d4-6c5f9986aa9f

Кең-Сай: Жашоочулардын суранычы аткарылууда

Видео