ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында бир күндө 10 сейил бак ачылды

Бүгүн Ош шаарында бир катар жаңы эс алуу бактары пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов жана тиешелүү мекемелердин жетекчилери катышып, түзүлгөн шарттар менен таанышып чыгышты.

Эс алуу бактары төмөнкү даректерде түптөлдү:

-Киргизия кино театрынын жанында ООН эс алуу багы;

-Ишкаван айылындагы бак;

-Достук. Катта терек айылынын кире бериш жериндеги бак;

-Манас-Ата МАБынын артындагы бак;

-Раззаков көчөсү, 26 үйдүн жанындагы бак;

– Масалиев 55 үйдүн жанындагы эс алуу багы;

-Өчпөс оттун жанындагы “Жаштар” багы;

-Санкт-Петербург көчөсүндөгү бак.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаар башчысы жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алардын сунуш-пикирлерин жана көйгөйлөрүн укту.

Жарандар шаарды көрктөндүрүү жана эс алуу жайларын түзүү багытындагы иштерге байланыштуу ыраазычылыктарын билдиришти.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын башынан бери Ош шаарында жалпы аянты 56 гектардан ашкан аймакка 33 сейил жана эс алуу жайлары түзүлдү.

Жаңы курулган жана көрктөндүрүлгөн эс алуу жайларында жалпысынан 650 түп бак-дарак жана бадал отургузулуп, 75 миң түп гүл эгилди. Ошондой эле газон чөбүнүн уруктары себилди.

Шаарда жашыл аймактарды көбөйтүү, коомдук эс алуу жайларын кеңейтүү жана шаардык инфраструктураны жакшыртуу иштери мындан ары да улантылат.

 

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео