Ош шаарынын мэринин орун басары Шумкарбек Пайзиев төрагалык кылган муниципалдык жерлерди ижарага берүү боюнча комиссиянын кезектеги отуруму өттү.
Комиссиянын кароосуна архитектура жана тиешелүү документтери даярдалган 61 жер тилкеси киргизилген.
Анын ичинен:
– 50 жер тилкеси боюнча жарыя берилген. Алардын ичинен аукционго арыз түшкөн 18 жер тилкеси боюнча ачык аукцион өткөрүлүп, жеңүүчүлөрү аныкталды.
– Арыз түшпөгөн 32 жер тилкеси кайрадан аукционго чыгарыла турган болду.
Мындан тышкары, комиссияда кошумча маселелер каралды:
– 1 маселе – ижара мөөнөтүн узартуу;
– 2 маселе – убактылуу ижара шартында түз берүү;
– 8 маселе – аукционго чыгарууга уруксат алуу.
Бардык маселелер комиссия тарабынан каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

