ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

Ош шаарында эски борбордук базар жайгашкан 1 чакырым жуук аянтты көрктөндүрүү жана заманбап эс алуу аймагына айландыруу иштери башталды. Бүгүн шаар мэри Жанарбек Акаев жаңы эс алуу жайдын долбоорун коомчулукка тааныштырды.
Долбоордун алкагында мында жашыл аймак түптөлүп, шаар тургундары жана коноктору үчүн сейилдеп, эс алууга ыңгайлуу болгон бардык шарттар түзүлөт. Ошондой эле экологиялык талаптар сакталып, Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги 50 метрлик суу коргоо тилкеси корголот. Муну менен катар дарыянын жээгин тазалоо иштери дагы улантылат.
Мындан тышкары, аймакта байыркы Оштун кайталангыс архитектурасын, тарыхын, маданий мурасын жана улуттук баалуулуктарын чагылдырган туристтик шаарча курулат.
Мурда соода-сатык кызуу жүргөн бул аймак эми шаардын көркүн арттырган, тарыхый мурас менен заманбап шаар чөйрөсүн айкалыштырган эс алуу жайына айланат.
Жаңы эс алуу багынын ачылышы келээрки жылдын май айына карата пландалууда.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

FB_IMG_1792382204585

Муниципалдык жер тилкелери аукцион аркылуу ижарага берилди

Видео