ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо — мыйзамдуулукту камсыз кылуунун жана жарандарды социалдык жактан коргоонун маанилүү багыттарынын бири.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы мыйзам жана сот алдында бардыгынын теңдигине кепилдик берет, майыптыгы боюнча басмырлоого жол бербейт жана адамдын укуктары менен эркиндиктерин мамлекет тарабынан коргоону камсыз кылат. Бул конституциялык принциптерди ишке ашыруу укуктарды мыйзамдарда бекитүү менен гана чектелбестен, аларды иш жүзүндө жүзөгө ашыруу үчүн зарыл шарттарды түзүүнү да талап кылат.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүү максатында Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2025-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин жалпы 6 текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында аталган категориядагы жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы мыйзамдардын 27 бузуу фактысы аныкталган.

Аныкталган мыйзам бузууларды жоюу жана мыйзамдуулукту калыбына келтирүү максатында прокуратура тарабынан 5 сунуштама киргизилген. Аларды кароонун жыйынтыгы боюнча 5 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылган.

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер мыйзам бузууларды аныктоого жана жоюуга, жарандардын бузулган укуктарын калыбына келтирүүгө, ошондой эле кызмат адамдарынын өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткаруусун камсыз кылууга багытталган.

Өзгөчө көңүл ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга, социалдык колдоо алууга, билим берүү жана медициналык тейлөө кызматтарына жеткиликтүүлүгүнө, ошондой эле тоскоолдуксуз чөйрөнү түзүүгө байланышкан маселелерге бурулат.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана тиешелүү мекемелердин биргелешкен жоопкерчилигин талап кылат.

Ош шаарынын прокуратурасы өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү улантып, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча мыйзамда каралган чараларды көрүүдө.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

FB_IMG_1792382204585

Муниципалдык жер тилкелери аукцион аркылуу ижарага берилди

Видео