Бүгүн Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Оморбек Торобаев жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алып, алардын кайрылууларын жана сунуштарын укту.
Кабыл алууда жарандар ички жолдордун абалы, муниципалдык ипотекалык программасы аркылуу турак жай алуу, материалдык жардам көрсөтүү, таза суу менен камсыздоо жана мыйзамсыз курулуштарды бузуу (снос), компенсация тууралуу маселелерин көтөрүштү.
Оморбек Торобаев жарандардын кайрылууларын угуп, көтөрүлгөн маселелерди жеринде карап, чечүү боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине тапшырмаларды берди.
Ошондой эле шаар тургундары тарабынан айтылган сунуштар жана көйгөйлөр мындан аркы иш алып барууда эске алынып, алардын аткарылышы белгиленген тартипте көзөмөлгө алынары белгиленди.


