ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

Ош шаарындагы Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрында залкар акын, жазуучу Камбаралы Бобуловдун 90 жылдыгына арналган “Өчпөс из, өлбөс сөз” аттуу эскерүү кечеси өттү.
Иш-чаранын алкагында акындын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу көргөзмө уюштурулуп, видео тасма көрсөтүлдү. Ошондой эле Ч. Айтматов атындагы “Жаштар” театрынын “Акын жана убакыт” аттуу сахналаштырылган көрүнүшү тартууланып, акындын ырлары көркөм окулуп, сөзүнө жазылган чыгармалар аткарылды.
Кечеде Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Суранчы Жетимишов жана Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зинакан Пасанова акындын чыгармачылык мурасы тууралуу ой бөлүшүп, адабий композиция тартуулашты.
Мааракеге Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Мыктыбек Осмоналиев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязбек Нурбаев жана башка коноктор катышып, Камбаралы Бобуловдун кыргыз адабиятына кошкон салымын белгилешип, сөз сүйлөштү.
Эскерүү кечеси акындын бай адабий мурасын даңазалоого жана аны жаш муундарга жеткирүүгө багытталды. Анын чыгармалары — улуттук адабиятыбыздын баалуу руханий казынасы.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео