ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан көп кабаттуу үйлөрдүн техникалык абалын жакшыртуу жана жашоочуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Аталган иштер Ош шаардык мэриясынын 50/50 кош каржылоо долбоорунун алкагында, көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары менен биргеликте ишке ашырылууда.
2025-жылы 6 көп кабаттуу үйдүн чатыры жаңыланса, 2026-жылдын 9 айында бул көрсөткүч 11 үйгө жетип, 5 үйгө көбөйдү.
Кирмелерди капиталдык оңдоо боюнча 2025-жылдын 9 айында 19 кирме оңдолгон. Ал эми 2026-жылдын ушул мезгилинде 50 кирме толугу менен оңдолуп, өткөн жылга салыштырмалуу 31 кирмеге көбөйдү.
Мындан тышкары, көп кабаттуу үйлөрдүн суу менен камсыздоо, электр жана канализация системаларын оңдоо, тазалоо жана техникалык абалын жакшыртуу иштери жүргүзүлүүдө.
Жыйынтыгында, 2026-жылдын 9 айында чатырларды жаңылоо жана кирмелерди капиталдык оңдоо боюнча иштердин көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу көбөйдү. Бул шаардагы турак жай фондун жакшыртууга жана жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган иштердин ырааттуу уланып жатканын көрсөтөт.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

Видео