Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы жарнамалык LED-экрандарды орнотуу максатында муниципалдык жер тилкелерин убактылуу ижара шартында пайдаланууга берүү боюнча аукцион өткөрүлөрүн жарыялайт.
Аукционго коюлуучу объекттер:
1. Ош шаарынын С. Вахапов көчөсүндө, көпүрө тарапта жайгашкан жер тилкеси. Жер тилкесинин аянты – 2,0 м², LED-экрандын аянты – 11,51 м². Старттык баасы – 84 552 сом/жыл.
2. Ош шаарынын Көкүм-Бий көчөсүнүн №15 дарегинин жанында жайгашкан жер тилкеси. Жер тилкесинин аянты – 2,0 м², LED-экрандын аянты – 11,51 м². Старттык баасы – 84 552 сом/жыл.
3. Ош шаарынын Көкүм-Бий көчөсүндөгү «Жаннат» мейманканасынын жанында жайгашкан жер тилкеси. Жер тилкесинин аянты – 2,0 м², LED-экрандын аянты – 11,51 м². Старттык баасы – 84 552 сом/жыл.
4. Ош шаарынын Көкүм-Бий көчөсүнүн №168 дарегинин жанында жайгашкан жер тилкеси. Жер тилкесинин аянты – 2,0 м², LED-экрандын аянты – 11,51 м². Старттык баасы – 76 813 сом/жыл.
5. Ош шаарынын Көкүм-Бий көчөсүнүн №132Б дарегинин жанында (Жапалак унаа базарынын экинчи аркасынын тушунда) жайгашкан жер тилкеси. Жер тилкесинин аянты – 2,0 м², LED-экрандын аянты – 11,51 м². Старттык баасы – 76 813 сом/жыл.
6. Ош шаарынын Көкүм-Бий көчөсүнүн №108А дарегинин жанында («Автомойка» тарапта) жайгашкан жер тилкеси. Жер тилкесинин аянты – 2,0 м², LED-экрандын аянты – 11,51 м². Старттык баасы – 76 813 сом/жыл.
7. Ош шаарынын Көкүм-Бий көчөсүнүн №124В дарегинин жанында (Жапалак унаа базарынын биринчи аркасынын тушунда) жайгашкан жер тилкеси. Жер тилкесинин аянты – 2,0 м², LED-экрандын аянты – 11,51 м². Старттык баасы – 76 813 сом/жыл.
8. Ош шаарынын Алымбек-Датка көчөсү менен Ж. Калмаматов көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан жер тилкеси. Жер тилкесинин аянты – 2,0 м², LED-экрандын аянты – 6,46 м². Старттык баасы – 53 721 сом/жыл.
9. Ош шаарынын Тилеке Баатыр көчөсүнүн №10 дарегинин жанында жайгашкан жер тилкеси. Жер тилкесинин аянты – 2,0 м², LED-экрандын аянты – 6,46 м². Старттык баасы – 53 721 сом/жыл.
10. Ош шаарынын Тилеке Баатыр көчөсүнүн №28 дарегинин жанында жайгашкан жер тилкеси. Жер тилкесинин аянты – 2,0 м², LED-экрандын аянты – 11,51 м². Старттык баасы – 84 552 сом/жыл.
11. Ош шаарынын Г. Айтиев көчөсүнүн №21 дарегиндеги көп кабаттуу турак үйдүн жанында жайгашкан жер тилкеси. Жер тилкесинин аянты – 2,0 м², LED-экрандын аянты – 11,51 м². Старттык баасы – 84 552 сом/жыл.
12. Ош шаарынын Г. Айтиев көчөсүнүн №147 дарегинин жанында, Чкалов көчөсү менен кесилишкен жерде жайгашкан жер тилкеси. Жер тилкесинин аянты – 2,0 м², LED-экрандын аянты – 6,46 м². Старттык баасы – 53 721 сом/жыл.
13. Ош шаарынын Н. Исaнов көчөсүнүн №54А дарегинин жанында жайгашкан жер тилкеси. Жер тилкесинин аянты – 2,0 м², LED-экрандын аянты – 6,46 м². Старттык баасы – 53 721 сом/жыл.
14. Ош шаарынын Көкүм-Бий көчөсүнүн №57Б дарегинин жанында жайгашкан жер тилкеси. Жер тилкесинин аянты – 2,0 м², LED-экрандын аянты – 11,51 м². Старттык баасы – 76 813 сом/жыл.
15. Ош шаарынын Алымбек-Датка көчөсүндөгү борбордук аянтта жайгашкан жер тилкеси. Жер тилкесинин аянты – 279,0 м², LED-экрандын аянты – 336,0 м². Старттык баасы – 3 217 322 сом/жыл.
Пайдалануу багыты: жарнамалык LED-экрандарды орнотуу. Ижара мөөнөтү – 1 жыл.
Аукционго катышуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылуу зарыл:
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты, Ош шаары, Заднепровский көчөсү №4.
Керектелүүчү документтер:
• Жеке жактар үчүн – паспорт.
• Юридикалык жактар үчүн – нотариалдык жактан же каттоону жүргүзүүчү орган тарабынан тастыкталган уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү, уюмдун өкүлүнүн паспорту жана аукционго катышуу үчүн белгиленген формадагы ишеним кат.
• Лоттун старттык баасынын 10 пайызы өлчөмүндө кепилдик төгүмдүн жана старттык баанын 0,5 пайызы өлчөмүндө комиссиялык жыйымдын төлөнгөндүгүн тастыктаган документтер.
• Аукционго катышуу жөнүндө белгиленген формадагы арыз, анда лоттун номери көрсөтүлүүгө тийиш.
Төлөм реквизиттери:
Банк: «ОАО РСК», Ош шаары.
Эсеп №: 4407011001000191.
Жеке эсеп: 4407011101000191.
Төлөм коду: 31412110.
БИК: 129039.
Аукцион “Ош шамы” коомдук-саясий гезитине кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 30 (отуз) күн өткөндөн кийин Ош шаары, Заднепровский көчөсү №4 дарегинде өткөрүлөт.
Эскертүү: старттык баанын 0,5 пайызы өлчөмүндөгү комиссиялык жыйым кайтарылбайт. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы аукционго коюлган объектти аукцион өткөрүлүүчү күнгө 3 күн калганга чейин аукциондон алып салууга укуктуу.
Көңүл буруңуздар! Аукционго бардык жеке жана юридикалык жактар катыша алышат. Аукционго катышуу жөнүндө арыздар аукцион өткөрүлүүчү күнгө 1 (бир) күн калганга чейин кабыл алынат.
Аукционго катышууну каалаган адамдар өз өкүлдөрү аркылуу тиешелүү ишеним каттын негизинде катыша алышат.
Дареги: Ош шаары, Заднепровский көчөсү №4, муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты.
