Бүгүн 22-октябрь күнү, Ош шаарынын мэриясында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Жашыл шаар” иш-аракеттер планын иштеп чыгуу алкагында кызыкдар тараптардын жумушчу жолугушуусу өттү.
Жолугушууда энергетика, имараттар, суу ресурстары жана транспорт тармактары боюнча тиешелүү сунуштар каралып, энергетика объекттеринин энергия эффективдүүлүгүн жогорулатуу, имараттарды жылуулоо чаралары, таза суу менен камсыздоо жана дренаж системаларын жаңылоо, ошондой эле экологиялык жактан таза коомдук транспорт тармагын өнүктүрүү боюнча конкреттүү сунуштар ортого салынды.
Ошондой эле шаарга жакын аймактарда көчөт өстүрүүчү питомниктерди көбөйтүү, шаарды жашылдандыруу иштерин каржылоо үчүн тиешелүү төлөмдөрдү же механизмдерди киргизүү, ар түрдүү экологиялык сынактар менен акцияларды уюштуруу, сел суулары менен келген таштандыларды кармоочу тосмолорду орнотуу боюнча демилгелер көтөрүлдү.
Жолугушуунун жыйынтыгында Ош шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу багытында тиешелүү мекемелер биргелешип иш алып баруу боюнча макулдашылды.

