ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

225-кварталда жаңы социалдык имараттардын ачылышы болду

Бүгүн, Ош шаарынын «Керме-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгынын 225-кварталында фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП), окуу борборунун ачылыш аземи болуп өттү.

Аземге Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, эл аралык кайрымдуулук уюмдарынын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чаранын алкагында курулушка салым кошкон Кувейт мамлекетиндеги “Шейх Абдулла Нурий” кайрымдуулук фондунун, “Ассанабил” эл аралык уюмунун жеткечилерине Ош шаарынын мэриясынын Ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Белгилей кетсек, 225-кварталда фельдшердик-акушердик пунктунан сырткары окуу борбор, мечит курулган. 1,5 жылдын ичинде курулуп бүткөн имараттардын жалпы аянты 400 метр квадраттан ашат.

Аталган кварталда жалпы 120 түтүн үйдө 400гө жакын жашоочу жашайт.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео