ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаары Кытай өлкөсүнүн Кызыл-Суу шаары менен кызматташтыкты бекемдейт

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары З. Юсупов Кызыл-Суу Кыргыз Автономиялуу облусундагы Партиялык топтун катчысы, мамлекеттик активдерди көзөмөлдөө жана башкаруу боюнча комиссиясынын директорунун орун басары Жоң Зиоу менен жолугушту.

Жолугушууда эки тараптуу инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча сүйлөшүлүп, Кытай ишкерлери тарабынан сунушталган Ош шаарынын аймагында айыл чарба техникасын чыгаруучу заводду куруу маселеси талкууланды.

Замир Юсупов Ош шаары тууралуу кыскача маалымат берип, Кытай Эл Республикасынын бир катар шаарлары менен боордош мамиле түзүлгөнүн белгилеп, өз ара байланыштарды бекемдөө максатында Ош мэриясы тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөөрүн билдирди.

Жоң Зиоу мырза Ош шаары тууралуу жакшы ой-пикирлерин айтып, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү ниетин билдирип, шаар бийлигинин өкүлдөрүн Кызыл-Суу шаарына чакырды.

Жолугушуунун соңунда тараптар долбоорлорду ишке ашыруу үчүн тыгыз байланышта болууну макулдашышты.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео