ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Кызамык жана кызылчага каршы эмдөө өнөктүгү башталды

Ош шаарында, 18-сентябрдан, 29-сентябрга чейин 9 айлык балдардан баштап 8 жашка чейинки балдар арасында кызамык оорусуна каршы кошумча эмдөө өнөктүгү башталды.

Бул боюнча бүгүн маалыматтык жыйын өтүп, ага Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүм башчысы Н. Закиров, Ош шаарынын саламаттыкты сактоо координатору Э.Нурумбетов, ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы С. Ванчинкху, Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Г. Ишенапысова, шаардык билим берүү бөлүмүнүн жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун өкүлдөрү катышты.

Жыйында кызамык жана кызылчага каршы кошумча эмдөө өнөктүгүнүн башталышы, Ош шаарынын ҮМБ боюнча иш-чараларына колдоо көрсөтүү боюнча сүйлөшүлүп, бүткүл дүйнөдөгү кызамык, кызылча илдеттери боюнча жалпы маалымат берилди.

Белгилей кетсек, эмдөө өнөктүгү, кызамык илдетинин келип чыгышын аныктоо жана жайылышына бөгөт коюу максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюуму (ДСУ) жана ЮНИСЕФтин демилгеси менен Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй, Ош облустарында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин “Кызамык жана кызылча оорусуна кошумча эмдөө кампанияларын жүргүзүү жөнүндөгү” буйругунун негизинде аткарылууда.

Учурда Ош шаарындагы мектептерде жана бала бакчаларда эмдөө иштерин жүргүзүү үчүн 61 мобилдик топ уюштурулган.

Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кампасына 2023-жылдын 12-сентябрында жалпысынан 83000 доза ККВ вакцинасы келип түшкөн.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео