ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарындагы кышка даярдык текшерилди

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Жылуулуккамсыздоо” муниципалдык ишканасынын жетекчилиги менен биргеликте Ош шаарындагы көмүр сатуучу базаларды, мектептерди, бала бакчаларды кыдырып, кышка карата даярдык, көмүр менен камсыздоо жана отканалардын даярдыгын жеринде көрүп чыкты.

Бул багытта мэр кышка чейин шаардагы мектептердин, бала бакчалардын отканаларын сапаттуу көмүр менен камсыздап, “Жылуулуккамсыздоо” муниципалдык ишканасынын жетекчилигине кышкы жылытуу мезгили башталганга чейин бардык жумуштарды бүткөрүүнү милдеттендирди.

Мындан сырткары ишкананын көмүр базасына барып, кара отундун сапатына, сакталышына көңүл бурду.

Андан сырткары калкка сатылып жаткан көмүр базаларына да барып, кара отундун баасы жана сапаты боюнча сатуучулар менен пикир алышты.

15-августтан тарта Ош шаарынын аймагынын 18 жеринде көмүр базалары ачылып, сапатына жараша 5 сом 50 тыйындан, 6 сом 80 тыйынга чейин сатылууда.

Белгилей кетсек, Ош шаары кышкы жылытуу мезгилине карата 22 800 тонна көмүр керектейт. Учурда 18 көмүр базасынан жалпы 6 000 тонна көмүр сатылган.

Урматтуу Ош шаарынын тургундары, кышка карата даярдыкты азыртадан көрүп, көмүр баасынын арзан учурунда, кезек күтпөй, суук түшкөнгө чейин камдап алууңуздарды суранабыз.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео