ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Мэр жарандардын кайрылууларын жеринде угууда. Аймактык башкармалыктардын инфраструктурасы жакшыртылат

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Амир-Тимур” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы №177-көчөсүнүн жашоочулары менен жеринде жолугушту.

Жергиликтүү тургундар калаа башчысынан С. Айни көчөсү менен кесилишкен жерден №10 автобустун акыркы аялдамасына чейин 1,5 чакырым жолду асфальттап берүүнү суранышты.

Мэр келерки жылы аталган жолго асфальт төшөө боюнча бюджетке киргизилээрин билдирди.

«Келерки жылы шаардын кичи райондорунун жолдоруна асфальт төшөө иштери жигердүү уланат», – деп баса белгиледи мэр.

Мындан сырткары шаар башчысы Жапалак айыл өкмөтүнө караштуу Орке айылынын жашоочулары менен жолугушуп, алардын жаңы фельдшердик-акушердик пуктунун курулушу, жакында башталган Курманжан-Датка көчөсүндөгү узундугу 1 чакырымга жакын жолду асфальттоо иштерин тездетүү, Ч.Түлөбердиев атындагы №34 мектептин эски имаратын бала бакчага ылайыкташтыруу, жүргүнчүлөрдү ташууну жөнгө салуу, жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча маселелерин укту.

Анын натыйжасында калаа башчысы тарабынан тиешелүү кызматтарга төмөнкү тапшырмалар берилди:

– Жапалак айыл аймактык кеңеши тарабынан мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкелерин мыйзамдаштыруу маселелеринде жарандарга жардам жана колдоо көрсөтүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

– Курманжан-Датка көчөсүндөгү жолду асфальттоо жана жогоруда аталган мектептин имаратын максатка жараша ылайыкташтыруу иштерин жүргүзүү;

– Жаңы ФАПтын курулушунун долбоорун келерки жылдын бюджетине киргизүү.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео