ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында жергиликтүү өндүрүштөгү унга болгон бааны жөнгө салуу боюнча жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында ундун баасын жөнгө салуу жана бул боюнча калк арасында тушүндүрүү иштерин жүргүзүү маселеси боюнча жумушчу жыйын өттү.

Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин төрагасынын орун басары Айбек Мамыралиев, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, борбордук базардын жетекчилиги катышты.

Жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү жана импорттолгон ундун азыркы баасы боюнча маселе талкууланып, бир нече ой-пикирлер айтылып, сунуштар берилди.

Мындан сырткары атайын жумушчу топ тарабынан шаардын жети аймагында, жергиликтүү өндүрүлгөн унга болгон бааны көзөмөлдөө максатында шаар тургундары, ун өндүрүүчүлөр жана сатуучулар арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу боюнча тапшырма берилди.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео