ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Мэр: шаар аймагындагы жергиликтүү демилгелер колдоого алынат

Бүгүн, “Амир-Тимур” муниципалдык аймактык башкармалыгында Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен жеке ишкер тарабынан курулган үстү жабык футбол талаасынын ачылышы болду.

Ага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов катышып, Ош шаарынын мэриясы шаардын өнүгүүсүнө ар тараптуу салым кошуп келе жаткан ишкерлерге ыраазычылык билдирип, алардын демилгелерин жана долбоорлорун ар дайым колдоого даяр экенин билдирди.

«Аймактарды өнүктүрүү – биздин негизги багыттарыбыздын бири. Бул спорттук жайдан келечектеги дүйнө чемпиондорубуз чыгат деп ишенемин», – деди мэр.

Иш-чаранын алкагында Б. Жетигенов аталган жерде машыгып жаткан балдарга керектүү спорт буюмдарын белек катары тапшырды. Ошондой эле Эл аралык карыялар күнүнө карата, жергиликтүү аксакалдарга белектерди тапшырды.

Белгилей кетсек, жаңы футбол талаасынын жалпы аянты 1000 чарчы метрди түзөт. Келечекте бул жерде спорттун ар кандай түрлөрү менен машыгуу үчүн чоң спорттук борборун куруу болжолдонууда.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео