ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ошто социалдык чач тарачкана иштей баштады

Бүгүн, «Сулайман-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгында (ДИА) “Демилгелүү ишкер айымдар” коомдук фонду тарабынан “Жалпы кызыкчылыктарды издөө” коммерциялык эмес корпорациясынын, Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен “Жардамга кол сунам” долбоорунун алкагында социалдык-мобилдик чач тарачкана ачылды.

Иш-чаранын алкагында, чач кыркуунун усулдарын бир айлык теориялык жана практикалык окутуунун бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттар тапшырылып, чач тарачтар тарабынан мастер-класстар көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, социалдык-мобилдик чач тарачкана долбоору «Сулайман-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан “Боорукердик” үйүндө жашагандарга, интернатта тарбияланып жаткан өспүрүмдөргө жана аймактагы аз камсыз болгон калктын социалдык жактан корголбогон катмарынын ичинен аялдар үчүн акысыз чач тарач кызматтарын көрсөтөт.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео