ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо өткөрүлөт

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № 215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы менен 2023-жылдын 15-декабрына дайындалган Бишкек шаарында өтүүчү Элдик Курултайга Ош шаарынан 39 делегатты шайлоо Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 164 токтомуна ылайык 2023-жылдын 18-ноябрында саат 10:00до С.Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрында өткөрүлөт.

2023-жылдын 17-октябрынан 25-октябрына чейин 7 муниципалдык аймакта: № 1 Туран, № 2 Сулайман-Тоо, № 3 Керме-Тоо, № 4 Манас-Ата, № 5 Амир-Темур, № 6 Курманжан-Датка жана Жапалак айылдык аймагында Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынына катышуучуларды көрсөтүү боюнча жамааттардын жыйындары Ош шаардык Кеңеши тарабынан бекитилген графикке ылайык өткөрүлөт.

Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынынын жалпы катышуучуларынын саны 300 деп белгиленген.

Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 164 токтому менен Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы, чогулуштарды өткөрүүнүн графиги, өкүлчүлүк чени жана чогулуштарга катыша турган депутаттардын тизмеси бекитилген (тиркелет).

Маалымат үчүн эскертүү: Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы “Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын элдик  курултайын өткөрүү жөнүндө” №164 токтомуна  өзгөртүүлөрдү  киргизүү жөнүндө” токтомдун долбоору 2023-жылдын 11-октябрында өткөн Ош шаардык Кеңешинин сессиясында кабыл алынды. Ал белгиленген тартипте Ош шаардык Кеңешинин Төрагасы тарабынан кол коюлуп, катталган соң, кошумча жарыяланат. Бул токтомго ылайык Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын  13-сентябрындагы “Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын  элдик курултайын өткөрүү жөнүндө” № 164 токтомундагы жана анын 1,2 тиркемелериндеги ар кандай жөңдөмөдөгү  “элдик курултай” деген сөздөр өзгөртүлүп,  “өкүлчүлүктүү жыйын” деп окулат.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео