ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Коомдук транспортто мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын сакталышы боюнча рейд жүрдү

10-11-октябрь күндөрү Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил комиссиясы жана “Ош шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөр транспортунун агенттиги”, Ош шаардык автоунаа муниципалдык ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери биргеликте “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында Ош шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу каттамдардын ичи-сыртына илинген маалыматтарды жана багыттарды көрсөткөн жазууларды текшерүү боюнча рейд жүргүзүштү.

Рейд учурунда троллейбустар, 6 багыт боюнча каттаган автобустар жана жалпы 45 багытта жүргөн маршруттук каттамдар текшерүүгө алынды.

Мыйзам талаптарын одоно бузган жана кыргыз тилинин жазуу эрежелери сакталбаган маалымат тактайчаларды алмаштыруу жана мүчүлүштүктөрдү жоюу боюнча айрым айдоочуларга эскертүүлөр берилди.

Багыттарды мыйзам талаптарына ылайык келтирүү максатында маалымат тактайчаларынын бирдиктүү дизайнын иштеп чыгуу, “Западный”, “Юго-Восток”, “Дом-Быта”, “Черемушка”, СМУТТ сыяктуу аталыштарды мамлекеттик тилге өткөрүү тапшырмасы берилди.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео