ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Таза суу долбоорунун үчүнчү этабы башталды

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ак-Буура дарыясынын Даңги участогунан шаарга суу алуучу башкы тосмого чейинки аймакка диаметри 1000 мм болгон 2400 метрди түзгөн суу түтүгүн тартуу ишине старт берди.
Калаа башчысы аталган долбоордун маанилүүгүн белгилеп, алдыда жасалчу иштерди өз мөөнөтүндө сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.
Бул долбоор шаарды таза суу менен камсыз кылуунун үчүнчү этабы болуп, маселеге чекит коет. Даңги тилкесинде алгач бийиктиги 7 метрди түзгөн дамба курулат. Бул 20-мартка чейин бүтүшү керек. Андан соң узундугу 2400 метр болгон суу түтүгүн тартуу каралган. Жумушту толук түрдө бүткөрүү үстүбүздөгү жылдын август айына белгиленген.
Долбоор Азия өнүктүрүү банкынын (АБР) колдоосунун астында Ак-Буура дарыясынын жогорку тарабынан таза суу тартуу максатында ишке ашууда. Шаар аймагы кеңейип, калктын саны улам өсүп жатат. Андыктан таза сууга болгон муктаждык күн санап арта берет.
Бул долбоордун ишке ашуусу менен көп жылдык сууга болгон муктаждык чечилет.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео