ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

ӨКМ кызматкерлери кесиптик майрамга карата сыйланды

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар күнүнүн 32 жылдыгына жана өрт өчүрүүчүлөр күнүнүн 97 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Алтынбек Абылаев, ӨКМдин кызматкерлери катышты.

Замир Юсупов, өз өмүрүн тобокелге салып, адамдардын өмүрүн сактап калууга, табигый жана техногендик кырсыктардын кесепеттерин жоюуга өз өмүрүн арнаган куткаруучулардын өзгөчө эмгегин белгилеп, сыймыктуу кесип ээлерин майрамы менен куттуктады.

Иш-чаранын алкагында күжүрмөн эмгеги менен айырмаланган 43 кызматкер, анын катарында Түркиядагы катуу жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга катышкан 8 куткаруучу Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланды.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео