Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана коноктору. 28-август шаарда бир катар обьектилер пайдаланууга берилет.
Алар:
* Ак-Буура дарыясынын жээгине салынып жаткан сейил бак;
* Төлөнов көчөсү
* Курманжан Датка көчөсү
* Алымбек Датка эс алуу багындагы бийлөөчү заманбап оргума.
Буга байланыштуу шаарда тургундар үчүн маданий оюн-зооктор уюштурулган. Кечеде Freeman 996, Бегиш жана Ош шаарынын мэриясынын маданият жана жаштар башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланат.
