Ош шаарында акын Алишер Навоинин эстелиги орнотулуп, ачылыш аземи өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, Өзбекстандын Маданият министри Озодбек Назарбеков жана Андижан облусунун акиминин орун басары Исманов Исомиддин баштаган делегация, ошондой эле жергиликтүү жашоочулар катышты.
🔹Эстелик Курманжан датка жана Алишер Навои көчөлөрүнүн кесилишине тургузулду. Айланасы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, иретке келтирилди. Жасалган иштер жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.
🔹Аны менен бирге А.Навои көчөсү (Г.Айтиев көчөсүнөн Алымбек датка көчөсүнө чейин) реконструкцияланып, толугу менен пайдаланууга берилди. Жолдун узундугу 2,8 чакырым, кеңдиги 25-26 метр, 6 тилкелүү.
🔹Ош шаарында Алишер Навои атындагы эс алуу багы, мектеп жана көчө бар. Бүгүн эстеликтин ачылышы да эки элдин достугун, боордоштугун даңазалап, маданиятка болгон урматты айгинелейт.














