🔹Ош шаарынын А. Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионунда ФИФАнын талаптарына жооп берген гибриддик футбол талаасы курулуп, чуркоочу аянтчага заманбап резина каптама төшөлдү. Негизги курулуш иштери толук аяктап, бүгүн расмий түрдө пайдаланууга берилди.
🔹Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, спортчулар жана шаар тургундары катышты.
🔹Жаңылануу иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.
🔹Иш-чаранын алкагында балдар жана кыздар арасында чуркоо боюнча спорттук мелдеш уюштурулуп, жеңүүчүлөргө кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.



















