🔹Бүгүн Президент Садыр Жапаров Элдик курултайдын алкагында өлкө боюнча бир катар социалдык объекттерди онлайн форматта ишке берди. Алардын ичинен Ош шаарында 6 объект пайдаланууга берилди.
🔹Атап айтканда, 3 мектеп, 2 бала бакча жана 1 өндүрүш заводу ачылды.
🔹”Эл Пласт” ЖЧКнын базасында терезе жана ПВХ профилдерин чыгаруучу завод ишке кирди. Ишкана 40 жумуш ордун түзүп, айына 3000 тонна стеклопакет жана ПВХ профилдерин өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Долбоордун инвестициялык баасы 473,5 млн сомду түзгөн.
🔹Мындан тышкары, республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн “Айданек” жана “Мээримэ бала бакчалары да пайдаланууга берилди. Кыска мөөнөттө мекемелер толугу менен жаңыланып, балдар үчүн заманбап шарттар түзүлдү.
🔹Ошондой эле Керме-Тоо, Ломоносов жана Ак-Буура мектептери да ишке кирди. Бул билим берүү мекемелеринде республикалык казынадан бөлүнгөн каражаттын эсебинен толук оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн.




















