Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Төлөйкөн кичи районундагы негизги ички көчөнү капиталдык оңдоодон кийин расмий түрдө пайдаланууга берди. Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана район тургундары катышты.
🔹Аталган көчөнүн жалпы узундугу 500 метрди түзүп, жол 4 тилкелүү болуп жаңыланды жана 22 метрге чейин кеңейтилди. Ошондой эле ирригациялык лотоктор орнотулуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдун эки тарабына тротуарлар курулду. Алдыда көчөгө заманбап жарыктандыруу системасы орнотулуп, жашыл аймак түзүү иштери пландалууда.
🔹Ачылыш иш-чарасынын алкагында негизги жолго кесилишкен дагы бир ички көчө да капиталдык оңдоодон өтүп, пайдаланууга берилди. Бул көчө 2 тилкелүү болуп, тротуарлар жана ирригациялык лотоктор менен жабдылды.
🔹Жаңыдан пайдаланууга берилген көчөлөр калаадагы негизги мамлекеттик жолдорду бириктирип, унаа кыймылы тыгыз болгон багыттардын бири болуп саналат.
🔹Белгилей кетсек, бул жолдор буга чейин бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Мэр Жеңишбек Токторбаев рейддик кыдыруу учурунда жолду кеңейтүү жана асфальттоо боюнча тапшырма берип, анын негизинде жолго асфальт төшөлүп, тротуарлар курулду.
🔹Натыйжада шаар тургундары заманбап, коопсуз жана ыңгайлуу жол инфраструктурасы менен камсыз болушту.


















