Төлөйкөн кичи районундагы “Мээрим” бала бакчасында түзүлгөн шарттар менен калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана ата-энелер таанышып чыкты.
🔹Эске салсак, бул имаратты өлкө башчысы Садыр Жапаров Элдик курултайдын алкагында онлайн форматта ишке берген.
🔹Үч кабаттан турган 380 орундуу балдар бакчасынын эскилиги жеткендиктен буга чейин оор шартта иштеп келген. Ошондуктан мэр Жеңишбек Токторбаев имаратты жаңылоо тапшырмасын берген эле. Анын негизинде имарат толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, жаңы эмеректер менен камсыздалды. Ошондой эле балдар үчүн оюн аянтчасы, беседкалар жана отургучтар орнотулду.
🔹Бала бакчаны ремонттоо иштери республикалык бюджеттен каржыланды.



















