Бүгүн Көкүм-Бий көчөсүндөгү Ош унаа базары толук капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди.
Ачылыш салтанатына Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңеш төрагасы Болот Баетов, шаар тургундары катышты. Келген конокторго маданият кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланды.
Жаңыдан капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөн Ош унаа базарында унаа токтотуучу жайлар толук асфальт болуп, үстү жабык кошумча тосмолор, коомдук тамактануучу жайлар, даараткана жана административдик имараттар жаңыдан курулуп, айланасы атайын тосмо менен тосулуп, кире беришине автоматтык төлөм системасы орнотулган.