ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Билим берүү: мектеп жамааттары менен ачык диалог өткөрүлдү

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев №3 М.В. Ломоносов атындагы жана №69 «Олимп» мектептеринин педагогикалык жамааттары менен жолугушту. Жолугушууда мектептердеги учурдагы абал, педагогдордун пикирлери жана билим берүү процессине байланышкан маселелер талкууланды. Догдуркүл Кендирбаева бардык чечимдер мыйзам талаптарына жана мамлекеттик билим берүү саясатына ылайык кабыл алынышы керектигин белгилеп, маселелерди […]

Ош шаарындагы борбордук көчө иреттелип, жаңы көрүнүшкө ээ болот

Ош шаарынын так ортосунда жайгашкан Курманжан датка көчөсү жаңыланып, айланасы иретке келтирилет. Аны менен бирге көрктөндүрүү жана архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу боюнча иш-аракеттер башталат. Бүгүн бул багыттагы иштерди уюштуруу максатында Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жаңы курулуп жаткан Ош мамлекеттик университетинин клиникасынын аймагында университеттин ректору Кудайберди Кожобеков жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен көчмө жыйын өткөрдү. Жыйында […]

Абжалов көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат

Ош шаарынын мэринин тапшырмасына ылайык, Абжалов көчөсүнүн Төлөнов жана Сатиев көчөлөрүнүн аралыгында жолду капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталып, учурда аталган тилкеде жолду кеңейтүү, жолго чыгып кеткен курулуштарды алып салуу жана асфальт төшөөгө даярдык көрүү иштери аткарылууда. Бул иштер жол кыймылын жакшыртуу жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жүргүзүлүп жатат. Даярдык иштери аяктагандан кийин жолго […]

Ош шаарында курулуш долбоору боюнча коомдук угуулар өткөрүлөт

🔹 Ош шаарынын тургундарынын кароосуна “Сүйүнбаев, Курманжан Датка, С. Ибраимов жана жергиликтүү көчөлөрү менен чектелген аймактын курулуш долбоору” сунушталат. 🔹Курулуш Министрлигинин “Кыргыз Республикасынын шаар куруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу, жана бекитүү тартиби жөнүндө” курулуш ченемдеринин 1 тиркемесинин 7-пунктуна  ылайык Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан иштелип, 2026-жылдын 23-апрелинде Архитектуралык-шаар куруу кеңешинде каралган “Ош шаарынын […]

Жаңы дайындоо

Айбек Тиленбаев “Ош унаа базары” муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев кол койду.

Таңкы рейд: Курманжан-датка көчөсү кеңейтилип, кошумча бир тилке жол курулат

Ош шаары, 12-февраль, саат 08:00 Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Курманжан-датка көчөсүндө кезектеги таңкы рейд жүрдү. Рейддин жүрүшүндө шаа мэри Курманжан-датка көчөсүнөн Абдыкадыров көчөсүнүн кесилишине чейинки тилкеде унаа кыймылын жеңилдетүү максатында кошумча бир тилке жол куруу боюнча тиешелүү кызматтарга конкреттүү тапшырмаларды берди. Ошондой эле […]

✅ Таңкы рейд: Алымбек датка көчөсүнүн Асранкулов көчөсүнөн Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн инфратүзүмү оңдолот

Ош шаары, 6-февраль, саат 07:30 Таңкы рейддин жүрүшүндө Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Алымбек датка көчөсүнүн Асранкулов көчөсүнөн Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол-жээктерин, тротуарларды, жарыктандыруу тутумун жана ирригациялык тармактарды оңдоо боюнча тиешелүү мекеме-ишканаларга тапшырма берди. Тапшырманын алкагында аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери да жүргүзүлүп, жарандар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү мерчемделүүдө.

✅ Таңкы рейд: Алымбек датка көчөсүнүн жашоочулары Эне-Сай конушуна көчүрүлөт

Ош шаары, 5-февраль, саат 08:00 Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Алымбек датка көчөсүнүн Мамажан көчөсүнөн тарта кезектеги таңкы рейд жүргүздү. Таңкы рейддин жүрүшүндө мэр Алымбек датка көчөсүн кеңейтүү максатында жолго тоскоол болуп жаткан мыйзамсыз объектилерди жана жол жээгиндеги курулуштарды алып салуу, ошондой эле айрым […]

✅ Ош шаарынын Алымбек датка көчөсүндөгү ирригациялык инфраструктура оңдолот

🔹 Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Алымбек датка көчөсүндө ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүү максатында чирип, жараксыз абалга келген дарактарды алып салуу иштерин жеринен көрдү. 🔹 Ошондой эле шаар башчысы Алымбек датка көчөсүнүн Аматов көчөсү менен кесилишинен башталган ирригациялык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, аларды тез арада бүтүрүү боюнча тапшырма койду.