Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнө Президенттин атынан “Changan” үлгүсүндөгү 5 кызматтык унаа расмий түрдө тапшырылды. Кызматтык унаалардын ачкычтарын Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев берди.
🔹Белгилей кетсек, бүгүн Ош шаарында укук коргоо органдарынын гарнизондук саптык кароосу болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев, ошондой эле күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
🔹Ош шаарынын мэриясы милициянын кайгуул кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого туруктуу көмөк көрсөтүп келет. Атап айтканда, 2025-жылга карата шаар аймагына видеокөзөмөл камераларын орнотуу үчүн 5 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн.
🔹Мындан тышкары, буга чейин да кайгуул кызматына 4 кызматтык унаа, башкармалыктын жетекчисине 1 унаа жана шаардагы милиция бөлүмдөрүнө 2 унаа тапшырылган.
🔹Бул иш-аракеттер шаардагы коомдук коопсуздукту чыңдоого жана милиция кызматкерлеринин иш шарттарын жакшыртууга багытталган.















