🔹Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Төлөйкөн кичи районундагы “Керме-Тоо” орто мектебиндеги балдардын билим алуусуна түзүлгөн шарттар менен жеринен таанышып чыкты. Бул имарат капиталдык ремонттон өткөрүлүп, толугу менен жаңылганган.
🔹Мектепти оңдоп-түзөө жумуштарына республикалык бюджеттен акча бөлүнгөн. Ага имараттын сырткы фасады, терезе жана эшиктери алмаштырылды. Ошондой эле окуучулардын дени сак жашоо образы үчүн эскилиги жеткен спорт аянтчалары да жаңыланды.
🔹Эске салсак, билим берүү мекемесинин имаратын Президент Садыр Жапаров Элдик курултайдын алкагында онлайн форматта пайдаланууга берген.
🔹Кошумчалай кетсек, Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы көп кабаттуу турак жайларга жана социалдык объектилерге (мектеп, бала бакча ж.б.) алып баруучу эски, тар жана жүрүүгө кооптуу жолдор кеңейтилип, толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул иштер жашоочуларга ынгайлуулук жаратуу үчүн жүргүзүлдү.










