Ош шаарынын борбордук аянтындагы жаңы жылдык башкы балатынын оту салтанаттуу түрдө жандырылды. Балатынын бийиктиги 30 метрди түзүп, өзгөчө дизайнда жасалгаланды.
🔹Быйыл Ош шаары жаңы жыл майрамын “Түндүк жарыгы” (Северное сияние) жарманкеси менен тосуп алууда. Борбордук аянт жомоктогудай кооздолуп, шаар тургундары жана коноктору үчүн кооз фотолокациялар, даамдуу тамак-аштар жана эс алуучу жайлар уюштурулду.
