Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин тапшырмасынын негизинде Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында газдаштыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө аймакка 2 чакырымга жакын магистралдык газ түтүгү тартылды. Газ түтүктөрүн тартуу боюнча курулуш иштерин “Газпром” ЖЧКсынын филиалынын “Ош шаардык газ” ишканасы жүргүзүүдө.
Белгилей кетсек, Жапалак аймагын газдаштыруу иштери 2008-жылы башталып, ошол учурда 7 чакырымга жакын газ түтүгү тартылган. Бирок долбоор толук аяктабай, иш токтоп калган.
Жапалактын тургундарына берген убадасын аткаруу максатында шаар мэринин демилгеси менен көп жылдан бери токтоп турган газдаштыруу иштери кайра жанданды. Учурда магистралдык газ түтүктөрүн тартуу иштери жүрүп жатат. Бул иштер аяктагандан кийин Жапалак айылдык аймагындагы ички көчөлөргө газ түтүктөрү тартылып, турак үйлөрдү жаратылыш газына кошуу иштери башталат.

