ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Абакир уулу Төрөбек көчөсү пайдаланууга берилди

🔹 Бүгүн, 15-июнда Ош шаарында Абакир уулу Төрөбек көчөсү салтанаттуу түрдө ачылып, пайдаланууга берилди. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, шаардык мекеме-ишканалардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.
🔹 Ошондой эле калаа башчысы аталган көчөдө жайгашкан №33, №35 жана №37 көп кабаттуу турак үйлөрдө жүргүзүлгөн оңдоп-түзөө иштеринин жыйынтыгы менен жеринде таанышты. Аталган үйлөрдүн сырткы фасаддары Ош шаарынын мэриясынын кош каржылоо долбоорунун алкагында жаңыланып, акталып-сырдалып, жашоочулар үчүн унаа токтотуучу жайлар уюштурулган.
🔹 Мындан тышкары, көчө аркылуу агып өткөн Увам каналынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар алынды. Азыр каналдын жээги тосулуп, тротуар төшөлүүдө. Келечекте бул жер жашыл зонага айланат.
🔹 Аталган иштердин бардыгы шаардыктарды ыңгайлуу шарттар менен камсыздоого жана шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео