Бүгүн, Ош шаарындагы абанын булганышын жана түтүнгө каршы алдын алуу чараларын күчөтүү максатында жыйын өткөрүлүп, ага Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, Ош шаарынын мэриясына караштуу мекеме-ишканалардын, жогорку окуу жайлардын, муниципалдык аймактык башкармалыктарынын жетекчилери катышышты.
Жыйындын алкагында Ош шаарында абанын булгануусуна себеп болгон сапатсыз көмүрдү, турмуш-тиричилик калдыктарын жакпоо, мектептерде абанын булганышы тууралуу тарбиялык сааттарды өткөрүү, мекеме-ишканалардын отканаларынан чыккан түтүндөргө көзөмөлдү жүргүзүү, абага терс таасирин тийгизген көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлгөн иш-аракеттер, түшүндүрүү иштери тууралуу маалыматтар берилип, жыйынтыгында шаар бийлиги тарабынан тийиштүү кызматтардын өкүлдөрүнө таза абаны сактоо үчүн аракеттерди, алдын алуу чараларын жүргүзүү талабы коюлду.