ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Айдоочулар арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлөт

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын жыйыны болуп өттү.

Жыйынды Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев алып барып, анын күн тартибинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын аймагында жол эрежелерин бузган жарандарга карата жана аларды болтурбоо үчүн жүргүзүлгөн алдын алуу иштери жөнүндө маселе каралды.

Ошондой эле, шаардын жолдорун капиталдык оңдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан жумуштардын жүрүшүндө жол коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды.

Жыйындын соңунда тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде:

– жол унаа кырсыгын алдын алуу максатында айдоочулар арасында жол кыймылынын эрежелерин сактоо зарылчылыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин күчөтүү;

– ар аптанын жума күнүнөн жекшемби күнүнө чейин Ош шаарынын аймагында жайгашкан эс алуучу жайлардын айланасындагы негизги жолдорду көзөмөлгө алуу;

– «Жапалак унаа базары» муниципалдык ишканасы менен биргеликте жекшемби күндөрү Көкүм-Бий көчөсүнүн жол четине автоунааларын сатуу максатында токтотуп жасалма жол тыгындарын уюштурган жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

– өздүк курам кызмат учурунда жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин сактап, жарандар менен сылык мамиледе болуу;

– Ош шаарынын бардык муниципалдык аймактарынын башкармалыктары тарабынан унаа токтотуучу жайларды уюштуруу боюнча сунуштарды киргизүү.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео