ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ак-Бууранын жээгинде шаардагы эң чоң сейил бак ачылды!

 Ош шаарындагы Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгында 15 гектар аянтты ээлеген эң чоң, заманбап жаңы эс алуу багы пайдаланууга берилди. Бактын аймагы кооздолуп, түрдүү гүлдөр менен жашылдандырылды. Бул жерде эстетикалык инсталляциялар, кечкисин шаарды көрккө бөлөгөн декоративдүү жарыктандыруулар орнотулду. Бул мейкиндик шаар тургундары жана коноктору үчүн үй-бүлө менен сейилдөөгө, эс алууга эң ыңгайлуу жайга айланды.
 Жаңы сейил бактын салтанаттуу ачылыш аземине Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев баштаган депутаттар делегациясы жана Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышышты.
 “Шаардагы инфраструктура калктын санына жана заманбап талаптарга шайкеш өнүгүшү керек. Коомдук жайлардын көбөйүшү жана аймактарды көрктөндүрүү биринчи кезекте элдин жашоо шартын жакшыртууга багытталышы зарыл”, — деп белгиледи Марлен Маматалиев өз сөзүндө.
 Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, коомдук мейкиндиктерди көбөйтүү багытындагы аракеттер токтобой турганын билдирди. Ошондой эле ал Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен Ош шаарына 10 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөнүн баса белгиледи. Бул масштабдуу инвестиция Ак-Буура дарыясынын жээктерин толугу менен тазалап, иретке келтирүүгө, шаардын инфратүзүмүн жаңыртууга, жашылдандырууга жана жалпы аймактарды көрктөндүрүүгө багытталган.
 Сейил бак — Ош шаарынын көркүн ачкан дагы бир заманбап, коопсуз жана жайлуу мейкиндик катары калкка кызмат кылат.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео