Атабаев көчөсүндөгү жолго асфальт төшөө иштери башталып, биринчи катмары басылып жатат. Бул жол Совет доорунан бери каралбай, оңдолгон эмес. Эки тилкелүү болгон жол кеңейтилип, төрт тилкелүү болуп өзгөртүлдү.
Аталган жумуштар менен бирге мында жөө жүрүүчүлөр үчүн жаңы тротуарлар, ирригациялык лотоктор курулуп, заманбап жарыктандыруу системасы тартылды.
Алдыда аймакта жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт. Бардык курулуш жана көрктөндүрүү жумуштары толугу менен аяктагандан кийин жол пайдаланууга берилет.
https://www.facebook.com/share/v/1Epx4CP86s/
