Ош шаарынын мэриясынын имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Ош шаарынын мэриясы жана Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү жайгашкан имарат жаңыланууда. Аталган имарат Мамлекеттик мүлк фондунан Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына толугу менен өткөрүлдү. Учурда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасынын негизинде имаратта капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат. Иштин алгачкы этабында имараттын сырткы фасады жаңыланып, чатырлары толугу менен алмаштырылат. Бул имарат курулгандан бери […]
Ош шаарында “Үлүштүк курулуш” долбоорунун алкагында курулган батирлердин ачкычы тапшырылды

Бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарында “Үлүштүк курулуш” долбоорунун алкагында курулган көп кабаттуу үй пайдаланууга берилди. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев жана шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов катышып, батир ээлерине ачкычтарды тапшырды. Жеңишбек Токторбаев батир ээлерин куттуктап, мэриянын шаар тургундарын турак жай менен камсыздоо багытындагы иш-аракеттери мындан ары да күчөтүлөрүн белгиледи. Тогуз кабаттуу, 96 батирлүү турак үй ички […]
Сулайман-Тоо милиция бөлүмү жаңы имараттуу болду

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө жаңы имарат курулду. Бүгүн Президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда имараттын ачылуу аземи болуп, пайдаланууга берилди. Ош шаарынын мэриясы имарат курууга 18500 чарчы метр жер аянтын жана андан сырткары 10 миллион сом акча каражатын бөлүп берген. Ага ылайык 3 кабаттан турган имарат тургузулуп, бөлмөлөр керектүү эмеректер жана компьютерлер […]
Мэр күзгү үрөн себүү иштерин баштап берди

Бүгүн, 2-ноябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Озгур айылында күзгү үрөн себүү иштерин баштап берди. Ош шаарынын мэриясына караштуу Кызыл-Кыштак аймактык башкармалыгынын үлүш жерлерине күздүк буудайдын үрөнү себилди. Учурда 100 гектар аянтка үрөн себүү иштери жүрүп жатат. Жыл аягына чейин дагы кошумча 100 гектар жерге үрөн себилип, жалпысы 200 гектар айдоо жер толугу менен камтылары […]
Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Бүгүн, 27-октябрда Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын оңдоо-түзөөдөн өткөрүлгөн имараты пайдаланууга берилди. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана мекеменин жамааты катышты. Бул имарат курулгандан бери капиталдык ремонттон өткөрүлгөн эмес. Жыл башында Жеңишбек Токторбаев ишкананын абалы менен таанышып, быйылкы жылы оңдоп, кызматкерлерге шарт түзүүнү тапшырган. Ага ылайык ишкананын 3 кабаттан турган имаратынын […]
Бишкек жана Ош тажрыйбалары менен бөлүшөт

Бишкек жана Ош тажрыйбалары менен бөлүшөт: Кантип шаарларды жашоого ыңгайлуу кылуу керек Кечээ Бишкек шаарынын мэриясында Ош шаарынын мэриясынын делегациясы менен жумушчу жолугушуу өттү. Ага Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Илияс Колопов, Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Масуда Айдарбекова жана эки тараптан шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышты. Иш сапар “АРАКЕТ – Кыргызстандагы конуштарда жашоону жакшыртуу” долбоорунун […]
Мугалимдер күнүнө белек

Бүгүн, 6-октябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Киров мектебине барды. Буга чейинки рейддик кыдырууда мектептин айланасын оңдоо тапшырмасын койгон болчу. Натыйжада имараттын айланасы асфальтталып, ажатканасы, күзөтчүлөр имараты, сырткы футбол аянты оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Мэр кыдыруусун Гагарин мектебинде улантып, мугалимдерди майрамы менен куттуктады. Аталган эки мектепке мугалимдер күнүнө карата Президенттин атынан интерактивдүү доскаларды тапшырды. Ошондой эле жаңы […]
Ош жана Каракол шаарларынын мэриялары тажрыйба алмашууда

Бүгүн, 7-октябрда Ош шаарынын мэриясына Каракол шаарынын мэриясынан делегация келди. 3 күн ичинде эки шаардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда тажрыйба иш-чаралары өткөрүлөт. 🔹Алгачкы күнү мэрдин орун басарлары, шаардык кеңештин төрагасы, мэриянын бөлүм башчылары жана мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өтүп, Ош шаарынын мэриясынын ишмердүүлүгү тааныштырылды. 🔹Жыйында Ош шаарынын 9 ай ичинде аткарылган иштери тууралуу […]
Ош: Монуев көчөсүндөгү эки деңгээлдүү өтмөк расмий ачылды

🔹Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарындагы Ы. Монуев көчөсүндөгү эки деңгээлдүү өтмөктүн жана көчөнүн аты ыйгарылган кыргыз элинин биринчи генерал-лейтенанты Ысакбек Монуевдин эстелигинин ачылышы болду. 🔹Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев жана шаар жашоочулары катышты. 🔹Жалпы узундугу 640, кеңдиги 22 метрди түзгөн транспорттук түйүн толук асфальтталып, жөө жүргүнчүлөр үчүн жер алдындагы өтмөк курулду. Ошондой эле көчөнүн боюнда Ы. Монуевдин […]
Ош жана Кызыл-Кыя шаарларынын мэриялары тажрыйба алмашууда

🔹Бүгүн, 8-октябрда Ош шаарына Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынан делегация келди. Эки шаардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда тажрыйба алмашуу иш-чаралары өткөрүлөт. 🔹Жолугушууда мэрдин орун басарлары, шаардык кеңештин төрагасы, мэриянын бөлүм башчылары жана мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өтүп, Ош шаарынын мэриясынын ишмердүүлүгү тааныштырылды. 🔹Жыйында Ош шаарынын 9 ай ичинде аткарылган иштери тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле […]