ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында “Үлүштүк курулуш” долбоорунун алкагында курулган батирлердин ачкычы тапшырылды

Бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарында “Үлүштүк курулуш” долбоорунун алкагында курулган көп кабаттуу үй пайдаланууга берилди. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев жана шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов катышып, батир ээлерине ачкычтарды тапшырды.

Жеңишбек Токторбаев батир ээлерин куттуктап, мэриянын шаар тургундарын турак жай менен камсыздоо багытындагы иш-аракеттери мындан ары да күчөтүлөрүн белгиледи.

Тогуз кабаттуу, 96 батирлүү турак үй ички жасалгасы жана бардык коммуникациялары менен толук курулуп бүткөн. Үй ээлери дароо кирип жашоого шарттар түзүлгөн. Ашимахунов көчөсү, 48А дарегиндеги бул үйдүн 1-кабатында соода түйүндөрү, ал эми жер төлөсүндө унаа токтотуучу жай жайгашкан. Короосуна балдар ойноочу аянтча курулуп, айланасы көрктөндүрүлгөн.

Бул долбоор Ош шаарынын мэриясына караштуу Муниципалдык ипотекалык ишкана тарабынан ишке ашырылды.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео