Бүгүн 19-сентябрь Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Авиценна көчөсүндөгү жол оңдоо иштерин жеринен көрдү. Эске салсак, аталган жол И. Раззаков көчөсүнөн тартып “Орто Азия” мейманканасына чейинки бөлүгү оңдолуп жатат.
Жооптуу кызматтарга тиешелүү тапшырмаларды берген шаар башчысы асфальтты басууну эртелетүүнү, жолдун курулушун сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды. Авиценна көчөсүндө бир аптадан кийин асфальттоо жумуштары башталат.
