Ош шаарындагы Б. Осмонов көчөсүнүн жалпы узундугу 5 чакырымды түзүп, жол куруу иштери эки этап менен жүргүзүлүүдө. Долбоорго ылайык, жол 6 тилкелүү болуп, туурасы 29 метрди түзөт.
Жолдун 2 чакырымдык бөлүгүндө бир тараптуу тротуар, калган 3 чакырым аралыгында эки тараптуу тротуарлар курулат.
Учурда жолдун күн чыгыш тарабындагы 4 чакырымдан ашык бөлүгүнө асфальт төшөө иштери аяктады. Ал эми күн батыш тарабында 2 чакырымдан ашык аралыкка асфальт төшөлүп, иштер улантылууда.
Жол-курулуш иштерин толук аяктап, Б. Осмонов көчөсүн октябрь айында пайдаланууга берүү пландалууда.

