ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Бакыт Төрөбаев Оштогу жаңы өндүрүштүк зоналардын курулушу менен таанышты

Президенттин Өзгөчө тапшырмалар боюнча Атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Ош шаарына иш сапары менен келди. Иш сапардын жүрүшүндө Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев менен бирге шаардын аймагында курулуп жаткан ири өнөр жай долбоорлорунун жүрүшү менен таанышышты.
🔹 Алгач “Агро өнөр жай комплекси” үчүн бөлүнгөн 71,35 га жер тилкеси жана комплекске суу чыгаруучу суу кампанын курулушун көрдү. Андан соң Кеңеш айылындагы “Тамак-аш өнөр жай зонасы” үчүн бөлүнгөн жер тилкеси жана “Барбол” кондитердик фабрикасы ЖЧКсынын жаңы өндүрүштүк комплексинин долбоору менен таанышты.“Оор өндүрүш зонасы” үчүн каралган 105 га жер тилкесин да жеринен көрдү. Соңунда “Эко Азык” ЖЧКсынын базасында курулуп жаткан соода-логистикалык борбордун курулушу менен таанышты.
🔹Жолугушуу учурунда Бакыт Төрөбаев: “Шаарда жаңы өндүрүштөрдү ачууну пландап жатабыз. Бул үчүн инвесторлорду тартууга мамлекеттик деңгээлде колдоо керек. Биздин башкы максат – жумуш орундарын түзүү жана өндүрүштүк маданиятты жогорулатуу – деп белгиледи.
🔹 Өз кезегинде Бакыт Төрөбаев мамлекет тарабынан бардык колдоо көрсөтүлөрүн билдирип, долбоорлорду тездетүү тапшырмасын берди.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео